Эркек Нарын дарыясына кулап, каза болду
Нарын дарыясынан Кара-Куланын тургунунын денеси табылды. МЧСтин маалыматына ылайык, 1972-жылы туулган У.Э.А.нын денеси 23-ноябрда, саат 14:00 чамасында табылган. Издөө Нарын дарыясында жүргүзүлүп, дене болжолдуу кулаган жерден 1500 метр төмөн, 9–10 метр тереңдикте суу астындагы роботтун жардамы менен табылган.