Кыргызстан жана Кытай кыргыздардын тарыхын биргелешип изилдөө менен алектенишет
28-январда, Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян менен болгон жолугушууда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кыргызстан менен Кытайдын илимий кызматташтыгы жана эки өлкөнүн аналитикалык борборлорунун өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелерди талкуулады. Койчиев Гао Сян Кытайдын тарыхы, айрыкча Цин династиясы мезгили боюнча таанылган эксперт экенин белгилеп, анын заманбап эл аралык мамилелер боюнча көз караштары адистер арасында чоң кызыгууну жаратат деп