Ошто негизги көчөлөрдү кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө
Ош шаарында Санкт-Петербург жана Абдувалиев көчөлөрүн кеңейтүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралардын алкагында курулуш калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Шаардык мэрия тарабынан берилген маалыматка ылайык, учурда 4 экскаватор жана 6 Shacman маркасындагы техника тартылган.