Садыр Жапаров Владимир Путиндин резиденциясына болгон чабуулдан тынчсызданууда
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Новгород облусунда болгон окуя боюнча, Россиянын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик резиденциясына болгон кол салуу тууралуу терең тынчсыздануусун билдирди. Анын пикири боюнча, бул окуя Украинадагы кризисти чечүүгө багытталган аракеттерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул маалыматты Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов жарыялады.