Президент БСР жана БДР курулушу жөнүндө: Бардык объектилерди 4–5 жылдын ичинде аяктоо мүмкүн болот
- IV Элдик курултайда 26-декабрда Садыр Жапаров Араван районунан келген делегаттын БСР жана БДР курулушу боюнча суроосуна жооп берди. Мамлекет башчысы акыркы 2–3 жылда берилген тапшырмалардын негизинде өлкө боюнча 106 БСР жана БДР курулганын билдирди. «Биз карта түзүп, жаңы объектилерди кайда куруу керек экенин аныктадык», - деп белгиледи ал.