Бишкек шаарында бийлик тигүү цехтеринин калдыктарын, унаа майларын жана таштандыны жылуулук үчүн колдонууга каршы күрөшүүдө
Проблемаларга жооп катары инспекция баняларда, сауналарда, ишканаларда жана жеке үйлөрдө туруктуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Рейддердин негизги максаты тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын, авто майларын, боёк материалдарын, пластикти, резинаны жана башка уулуу заттарды күйгүзүү фактыларын аныктоо. 2025-жылдын башынан бери инспекция 148 рейд өткөрүп, анын жүрүшүндө экологиялык нормаларды бузуунун 231 фактысы аныкталды. Жооптуу адамдарга жалпы суммасы 2 383 500 сомду түзгөн айыппулдар салынды.