
Скелеттердин куралы 145тен 157 миллион жылга чейин созулат, аллозаврдын ургаачысы жана анын наристеси, ошондой эле стегозавр кирет. Бул окамендер 2024-жылы Christie’s аукционунда сатып алынган. Мындан тышкары, Sotheby’s аукционунан сатып алынган он бир кытай артефакты да конфискацияланды.
Су Бинхай мурда Сингапурда акча жуу боюнча издөөдө болгон. Бирок активдерди мамлекеттин пайдасына конфискациялоо боюнча келишимге жеткенден кийин Сингапур бийликтери Интерполдун анын кармалышы боюнча талабын кайтарып алышты.
Акча жуу боюнча иш Сингапурда чоң резонанс жаратты: скандалдын натыйжасында эки банк кызматкери соттолуп, түрмөгө жиберилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2,3 миллиард долларлык активдер, анын ичинде акча каражаттары, кыймылсыз мүлк жана криптовалюта конфискацияланды. Ошондой эле чет өлкөдөгү оюн компаниялары жана башка кылмыштуу аракеттерден алынган акчаларды жууда айыпталган он кытай жараны түрмөгө кирди.