Бишкекте, 15-январда, 17 адам, анын ичинде 4 бала жабыркаган уулануу окуясы болду. Бул окуя тез тамактануучу жайда орун алды, бул Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу департаментинин кызматкерлерине тамак-аштан уулануунун алдын алуу жолдорун эскертип коюуга себеп болду.
Тамак-аштан уулануу — патогендик микроорганизмдерди, токсиндерди же микробдук эмес келип чыккан уулуу заттарды камтыган тамак-ашты жегенден улам пайда болгон курч оору.
Тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча сунуштар
Жалпы тамактануу мекемелери үчүн:
- Тамак даярдоодо санитардык нормаларды жана технологиялык процесстерди катуу сактоо;
- Сапатты контролдоо программаларын киргизүү жана сактоо;
- Кызматкерлердин иши милдеттүү медициналык текшерүүдөн кийин гана башталат;
- Инфекциялык оорулардын белгилери бар адамдардын иштөөсүнө тыюу салуу;
- Кызматкерлерди санитардык нормалар жана жеке гигиена боюнча үзгүлтүксүз окутуу;
- Тастыктаган документтери бар коопсуз жана сапаттуу чийки заттарды гана колдонуу;
- Чийки заттарды жана даяр тамактарды бөлөк сактоо;
- Продукттарды сактоо жана даярдоо учурунда температуралык режимдерди сактоо;
- Эт жана жартылай даяр продукцияны жетиштүү термикалык иштетүүнү камсыз кылуу;
- Бөлмөлөрдү жана жабдууларды үзгүлтүксүз тазалоо жана дезинфекциялоо;
- Чийки заттар жана даяр тамактар үчүн өзүнчө инвентарды колдонуу;
- Колду жуу үчүн туруктуу суу менен камсыз кылуу;
- Продукциянын коопсуздугу үчүн ээнин жеке жоопкерчилиги.
Тамак-ашты колдонгондор үчүн сунуштар:
- Санитардык нормаларды сактаган жана таза көрүнүшү бар мекемелерди тандоо;
- Шектүү жана стационардык эмес жерлерден тамак сатып алуудан качуу;
- Тамактанар алдында колду жуу, өзгөчө үйдөн тышкары тамактанганда;
- Фастфудду балдарга, боюнда бар аялдарга, кары адамдарга жана хроникалык оорулары бар адамдарга сунуштабоо;
- Уулануунун биринчи белгилери пайда болгондо, өзүн-өзү дарылоодон качып, дароо медициналык жардамга кайрылуу.