
Венесуэланын убактылуу президенти болуп дайындалган Делси Родригес расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын кабыл алды, деп билдирет ТАСС. Иш-чара парламенттин имаратында Хорхе Родригестин төрагалыгы астында өттү.
Иш-чарада Делси Родригес: «Мен бул жерде Боливардык Венесуэла Республикасына конституциялык президент Николас Мадуро Моростун вице-президенти катары ант берүү үчүн келдим. Бул чечим мен үчүн оор, анткени венесуэлалык элдин биздин өлкөгө каршы мыйзамсыз аскердик агрессиядан улам тарткан азаптары эске алынып жатат», - деди. Иш-чаранын трансляциясы Telesur телеканалы аркылуу көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, 3-январда Америка Кошмо Штаттары Венесуэлага каршы операция өткөрүп, анын натыйжасында президент Николас Мадуро жана анын жубайы Каракаста кармалды.