
Өзүнүн билдирүүсүндө Трамп Ак үйдүн сайтында, бул уюмдардын көпчүлүгү радикалдык климаттык саясатты жана идеологиялык программаларды жайылтууга көмөктөшүп, АКШнын суверенитетине жана экономикалык күчүнө каршы келерин белгиледи.
Пресс-кызматтын маалыматына ылайык, америкалыктар эл аралык уюмдарды колдоого миллиардар долларларды жумшап, бирок натыйжалуу жыйынтыктарды алган жок.
Мындан тышкары, Ак үй Трамптын экинчи мөөнөтүнүн башында АКШнын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ), Париж климаттык келишими, БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши жана Палестиналык качкындарга жардам берүү үчүн БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттиги (БАПОР) сыяктуу уюмдардан чыгып кеткенин эске салды.