Прокуратура Юнду оппоненттерин, анын ичинде ошол кездеги оппозиция лидери Ли Чжэ Мёнду "мамлекетке каршы күчтөр" деп атап, аларды кармоо аракетинде айыптоодо.
Айыптоолорго ылайык, Юн жана Ким ошондой эле Түндүк Корея менен мамилелерди начарлатып, учкучсуз учактар менен жашыруун иш-аракеттер аркылуу аскердик абал киргизүү үчүн негиз түзүүгө аракет кылышкан.
65 жаштагы Юн Сук Ёль ага каршы коюлган бардык айыптоолорду четке кагууда.Учурда сот жараяны талкуу стадиясына өттү жана чечим февраль айында, Юн Конституциялык сот тарабынан кызматтан алынганына бир жыл толгондо чыгарылат деп күтүлүүдө.
1997-жылдан бери Түштүк Кореяда өлүм жазасы боюнча өкүмдөр аткарылган жок, бирок бул чара азырынча жокко чыгарылган эмес.