Бул демилге 2007-жылдан бери иштей баштап, ар бир эки жылда узартылып келет.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы 4 315 кыргызстандык жаран Кореяда жумушка орношуу боюнча EPS программасы аркылуу консультация алышкан. Проектке катышуу үчүн корей тилин билүү боюнча эки этаптуу тестирлөө уюштурулган, анда 1 350 катышуучудан 339 адам экзаменди ийгиликтүү тапшырган.
Эмгек келишимдери 225 талапкер менен кол коюлуп, жумушка 232 кыргызстандык жаран жөнөп кетти, алардын ичинен 30 аял бар.Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, жумушка орношкон кыргызстандыктардын көбү тамак-аш, химия жана кагаз өнөр жайларында, ошондой эле пластик, резина жана айнек буюмдарын өндүрүү заводдорунда иштешет. Бул тармакта орто айлык эмгек акы $1 700 түзөт.
Учурда EPS программасынын алкагында Түштүк Кореяда 1,5 миңден ашык кыргызстандык жаран иштеп жатат, деп билдирилди.
Башкы беттеги иллюстрация Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан берилген.