
Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн уруксат берүү документтерин караган ведомстволор аралык комиссиянын 10 отуруму өттү. Жалпысынан 143 уруксат берилди, 206 арыз келип түштү, анын 19у четке кагылды, 51и каралып жатат, алардын 22си төлөнгөн жок.
Бул уруксаттарды берүүдөн түшкөн киреше 572 миң сомду түздү, ал эми Борбор 20 жаранга жумуш берүүчүлөр же делдалдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам 1 130 603 сомду кайтарууга жардам берди.
Бул аракеттер уюштурулган жумушка орноштуруу процессин тартипке келтирүүгө, мигранттардын укуктарын коргоого жана жеке жумуш агенттиктеринин ишин жакшыртууга багытталган.