МИД КРдин маалымат кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, программанын шарттары төмөнкүчө:
- 2025-жылдын 1-декабрына чейин Кореядагы мыйзамдарды бузган чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар, белгиленген мезгилде Кореядан чыгып кетишсе, айыппулдан бошотулат;
- Мажбурлап чыгаруу учурунда адатта коюлган кайра кирүүгө тыюу дагы колдонулбайт.
Бул демилге кылмыш кылган же мажбурлап чыгарууга дуушар болгон чет элдиктерге тиешеси жок экенин белгилөө маанилүү.МИД КРдин мыйзамдуу статусу жок жарандарга бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууну сунуштайт, айыппулдардан жана жагымсыз кесепеттерден качуу үчүн, деп билдирүүдө.
Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргызстандын Сеулдагы элчилигине төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот: +82 10 9798 0951, +82 2 379 0951.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик: toping.uz.