
TF1 телеканалынын маалыматы боюнча, уурулук 30-январь, жума күнү, Париждин 16-округунда болгон. Эки кылмышкер эртең менен эрте кызматкердин үйүнө кирип, уктап жаткан ээси үстүнө кол салып, башына жаракат келтиришкен. Андан кийин алар үйдү тинтип, сааттарды, брошкаларды жана башка көптөгөн кымбат баалуу буюмдарды уурдап кетишкен.
Зардап чегүүчү уурулар анын үйүнөн чыгып кеткенден кийин өзү полицияны чакырган. Ал ооруканага жаткырылган, бирок анын өмүрүнө коркунуч жок. Уурулуктун зыяны 6дан 7 миллион еврого чейин жетет. Уурулук учурунда купуя маалыматтарга зыян келтирилген эмес.