
Маалыматтарга ылайык, саат 7:05 чамасында ооруканадан дежурная бөлүмгө 30 жаштагы А.К. аттуу жарандын сол жамбашында жаракат менен ооруканага жаткырылганы тууралуу сигнал келген.
Окуя болгон жерге келген оперативдүү-тергөө тобу, окуя Сельсоветская көчөсүндөгү кафелердин биринин жанында болгонун аныктады. Эр адам белгисиз адамдын өзүнүн жубайына кол салганын көрүп, кийлигишүүгө аракет кылган. Анын аракетине жооп катары агрессор ага бычак менен эки жолу жамбашына сокку урган жана окуя болгон жерден качып кеткен.
Жаракат алган адам медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылган, анда ага зарыл болгон жардам көрсөтүлгөн.
Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматынын сүрөтү
Окуя боюнча «Хулигандык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү, 22 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган.
Шектүү тергөө органдарына жеткирилип, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган. Азыркы учурда алдын ала тергөө улантылууда, зарыл экспертизалар дайындалган.