
Алдын ала маалыматтар боюнча, Испаниядагы темир жол кырсыгында Кыргызстандын жарандары жабыркаган эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жергиликтүү бийликтен алынган маалыматка таянып билдирүүдө.
Ведомстводо ошондой эле Кыргызстан элчилигине мекендештерден жардам сурап кайрылуулар болгон эмес деп кошумчалашты.
ТИМ жана Кыргызстан элчилиги Францияда испан бийликтери менен кырдаалды көзөмөлдөө үчүн кызматташууну улантууда.
Мурда маалымдалгандай, 2026-жылдын 18-январында Испаниянын түштүгүндөгү Адамус аймагында темир жол кырсыгы болуп, эки жүргүнчү поезди кагышкан. Трагедиянын натыйжасында 39 адамдан кем эмес курман болуп, 120дан ашык адам жаракат алган.