Учурда көптөгөн эл аралык авиакомпаниялар Иранга жана Ирандан болгон рейстерин кыскартып же токтотуп жатышат, бул учуу графигинде часты өзгөрүүлөргө алып келет. Эгер сиз учак менен өлкөдөн чыга албай жатсаңыз, коңшу мамлекеттер менен жердеги чек аралар аркылуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстан жарандарына Арменияга жана Түркияга кирүү үчүн виза талап кылынбайт.
Түркмөнстанга баруу үчүн алдын ала Кыргыз Республикасынын Ашхабаддагы элчилигине кирүү уруксатын жана транзит визасын алуу үчүн кайрылуу зарыл.
2026-жылдын 16-январына карата, Ирандын Афганистан жана Ирак менен чектешкен өткөрмө пункттары ачылган. Эгер сиз бул өлкөлөргө чек араны кесип өтүүнү пландап жатсаңыз, тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн виза алууну унутпаңыз.
Министерство ошондой эле чыгуу үчүн альтернативдүү маршруттарды карап чыгууну сунуштайт.
Учурда Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен жердеги чек аралары кесип өтүүгө жабык.
Ирандан чыгып кетүүдө жардамга муктаж болгон Кыргызстан жарандарына Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилигине же Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмүнө төмөнкү маалыматтарды жөнөтүүнү сунуштайт:
- Толук аты-жөнү жана байланыш маалыматтары;
- Жеке маалыматтары бар паспорттун бетинин сүрөтү;
- Чек араны кесип өтүү пландаштырылган жери.
Байланыш маалыматтары:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмү (круглосуточно): +996 999 31 20 02, [email protected].
- Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги: +98 21 22 83 0354; +98 935 250 52 29, [email protected].
- Кыргыз Республикасынын Армениядагы ардактуу консулу: +374 91 91 91 91.
- Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги: +90 312 491 35 06; +90 545 689 68 00.
- Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги: +993 12 48 22 95; +993 12 48 22 96; +993 65 69 40 59.
- Кыргыз Республикасынын Афганистандагы элчилиги: +93 77 909 93 26; +93 77 909 93 26; +93 77 654 45 04 (WhatsApp).
- Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчилиги: +994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 557 50 53 01.