
Жаңы эрежелер 2025-жылдын 1-сентябрынан күчүнө кирет
«Казакстанда белгиленген мөөнөттөрдү (180 күндүн ичинде 90 күн) ашып өткөн Кыргызстандын жарандары кирүүгө чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн. Ошондой эле, 2025-жылдын 1-декабрынан баштап, биздин өлкөнүн чегин кесип өткөн Казакстандын жарандарына ушундай эле эрежелер колдонулат», — деп билдирет Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы.
Министрлик жарандарыбызга өз саякаттарын алдын ала пландап, Казакстандын жаңы миграциялык талаптарын эске алууну сунуштайт, айрыкча чектен өтүү, жумушка орношуу, билим алуу, медициналык дарылоо же башка узак мөөнөттүү максаттар үчүн.
Казакстан Республикасына кирүү жана болуу эрежелери жөнүндө кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилигинин расмий сайтынан төмөнкү шилтеме аркылуу таба аласыз: https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-respublike-kazahstan/menyu---inostrannoe/konsulskie-voprosy/poleznaya-informaciya/oleznaya-informaciya-5c1100fc33e0e
Мындан тышкары, суроолор пайда болгондо, Тышкы иштер министрлиги төмөнкү номерлерге кайрылууну өтүнөт: Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилигинин «Ысык линиясы»: +7 776 124 8833, Алматыдагы Генералдык консулдук: +7 777 996 7710, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.
Сүрөт www