Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды убактылуу жашоо эрежелерин бузганы үчүн жазага тартуу башталат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция кызматынын бөлүм башчысы Улан Керимкулов жакында өткөн пресс-конференцияда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Ички иштер министрлиги бардык мыйзам бузгандарга, анын ичинде Казакстан жарандарына карата миграциялык мыйзамдарга ылайык чараларды көрөт.
Эгер казакстандыктар Кыргызстанда убактылуу жашоонун мөөнөттөрүн же эрежелерин бузса, аларга административдик кодекстин 431-беренеси боюнча санкциялар колдонулат. Атап айтканда:
- 1 айга чейин мөөнөттү бузгандыгы үчүн - 5 500 сом;
- 1 айдан 2 айга чейин - 10 000 сом;
- 2 айдан 6 айга чейин - 17 500 сом;
- 6 айдан ашык убактылуу жашоону бузгандыгы үчүн - 20 000 сом.