
Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 1-сентябрынан баштап Казакстанда Кыргызстандын жарандарына тиешелүү жаңы эрежелер күчүнө кирерин эскертет.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 1-декабрынан баштап Казакстандын жарандары үчүн Кыргызстанга баруу боюнча ушундай эле эрежелер күчүнө кирет.
Министрлик жарандарыбызга сапарларын алдын ала пландап, Казакстандын жаңы миграциялык талаптарын эске алууну, айрыкча чек араны көп жолу кесип өтүү, жумушка орношуу, билим алуу, дарылануу жана башка узак мөөнөттүү жашоо максаттары үчүн сунуштайт.
Казакстанга кирүү жана жашоо эрежелери тууралуу кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилигинин расмий сайтынан төмөнкү даректен табууга болот: https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-respublike-kazahstan/menyu—inostrannoe/konsulskie-voprosy/poleznaya-informaciya/oleznaya-informaciya-5c1100fc33e0e
Суроолор пайда болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыз: Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилигинин «Ысык линиясы»: +7 776 124 8833, Алматыдагы Генералдык консулдук: +7 777 996 7710, КР ТИМдин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.