Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 9-февралында ал 2011-жылы туулган 8-класстын окуучусун мектептердин биринин жанында токтотуп, коркутуп, iPhone маркасындагы мобилдик телефонун алып алган. Андан кийин, өспүрүмдүн жашаган дарегин тактап, ага коркутууларды улантып, акча талап кылган.
М. Б. жабырлануучудан 2 миң сом алып жаткан жеринен кармалды, анын колунан акча жана бычак алынды.



Кийинки күнү, 2026-жылдын 10-февралында, шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Милициянын маалыматы боюнча, ал мурда төрт жолу соттолгон. Учурда тергөө иштери жана бул иш боюнча материалдарды топтоо улантылууда.