Бул окуянын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 206-беренеси "Уурдоо" боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкекте "Глобус" токтоочу жайында уурдоо боюнча шектүү кармалган.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн бири - Ж. М. аттуу адамды аныктап, кармашкан. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.
Учурда башка мүмкүн болгон кылмышкерлерди жана алардын бул кылмыштагы ролун аныктоо боюнча иштер улантылууда.