
Милиция кармалгандардын башка ондон ашык окшош кылмыштар менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин тактоодо
Бишкекте укук коргоо органдары велосипед уурдоого шектелген адамдарды кармалды, деп билдирет шаардык Ички иштер башкармалыгы.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 6-мартта Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнө У.Б. баш тамгасы менен жарандан арыз түшкөн.
Ал 5-мартта саат 19:00 чамасында 7-микрорайондогу үйлөрдүн биринин жанында анын Giant маркасындагы велосипеди белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдирген. Уурдалган мүлктүн баасы болжол менен 40 миң сомду түзөт.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча кылмыш иши козголгон.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында эки шектүү: 2008-жылы туулган Д.Ж. жана 2007-жылы туулган Б.Ж. кармалган.
Кармалган адамдардын бири убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда милиция кармалгандар менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон 10дон ашык башка кылмыш фактыларын изилдөөдө.