
Чет элдик булактарга ылайык, кагылышуудан бир нече адам жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кеминде эки жарандын, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлеринин, оор жаракат алгандыгы маалымдалууда. Учакта болжол менен 100 жүргүнчү болгон, алар ийгиликтүү эвакуацияланды. Жабыркагандардын арасында кимдер бар экендиги учурда такталууда.

Жарияланган видеолордо учактын алдыңкы бөлүгү оор жаракат алгандыгы көрүнүп турат. Ошондой эле, инцидент болгон учурда аэропорттун аймагында күчтүү жаан жаап, көрүнүш начар болгондугу маалымдалууда.
Инциденттен кийин Ла-Гуардия аэропорту убактылуу жабылды, бардык келген рейстер башка аэропортторго которулду. Ла-Гуардиянын иши жакынкы убакта калыбына келтирилет деп күтүлүүдө.