
Бишкектин Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын фото. Бишкекте ири суммадагы алдамчылыкка шектелген адам кармалды
Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 4-июлунда милицияга Х.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 2023-жылдын 26-июлунда Кытайга акча которуу шылтоосу менен А. аттуу аз таныш эркек тарабынан кылмыш жасалганын билдирген. Ал 150 миң АКШ долларын алып, убадаларын аткарбай жок болуп кеткен.
Бул маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жана оперативдүү чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери 1997-жылы туулган шектүүнүн кайда экенин аныкташкан. Ал кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Иштин тергөөсү уланууда.