
2014-жылдын 27-октябры күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев белгилүү журналист, саясий талдоочу Сыргак Абдылдаевди кабыл алып, профессионалдык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиктери, адам укуктарын коргоодогу активдүү жарандык позициясы жана Курманбек Бакиевдин режиминде коррупциялык жана криминалдык схемаларды ачыкка чыгаргандыгы үчүн мамлекеттик сыйлык – «Эрдик» медалын тапшырды.
Журналист Сыргак Абдылдаевди сыйлоо боюнча тиешелүү Указды Президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы Сыргак Абдылдаевге журналисттик ишмердүүлүгүндө көрсөткөн туруктуулугу жана эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев жана журналист Сыргак Абдылдаев өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш, ошондой эле ар кандай тармактардагы реформаларды жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчысы массалык маалымат каражаттарынын өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндөгү өзгөчө ролун белгилеп, мамлекет сөз эркиндигин жана журналистиканы өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп берерин айтты. “Журналисттин эрдиги чындык, адилеттүүлүк жана сөз эркиндиги үчүн күрөшүндө көрүнөт. Анын иши ар дайым өлкөнүн кызыкчылыгында болушу керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы Сыргак Абдылдаевге бекем ден соолук каалады.
Маалымат үчүн:
2009-жылы Сыргак Абдылдаевдин Курманбек Бакиевдин режимине каршы сын макалалары жарыяланган соң, ага кол салуу уюштурулган, натыйжада ал 29 жолу бычак жеп, көптөгөн соккуларды, буту жана колдорунун сынууларын алган. Кол салуудан кийин Сыргак Абдылдаев Швецияда саясий башпаанек сурап, азыркы убакка чейин ошол жерде дарыланып, жашап жатат.