
Докторлордун миссиясы «Экспресс денсоолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында уюштурулган, анын максаты — Кыргызстандын түштүк аймактарындагы тургундарга, айрыкча катаракта жана глаукома оорусу менен жабыркагандарга жогорку сапаттагы офтальмологиялык жардам көрсөтүү.
Ар бир операция, анын ичинде линзаны имплантациялоо жана зарыл болгон дары-дармектер, адатта 100 миң сомдон ашык турат, бирок бардык чыгымдар толугу менен кытай тарап тарабынан жабылган.


Мындан тышкары, гуманитардык кызматташтык алкагында «Кытай денсоолук — экспресс» фонду ооруканага баасы 17 миллион сомду түзгөн оптикалык когеренттик томограф тапшырды.
Ош ооруканасы менен кытайлык адистердин кызматташтыгы үч жылдан бери уланууда:
- 2023-жылы 338 операция жүргүзүлгөн;
- 2024-жылы — 237;
- 2025-жылы — 317.
Рахмат билдирүү катары оорукананын жетекчилиги жана көз микрохирургиясы бөлүмүнүн кызматкерлери кытайлык врачтарга ыраазычылык каттарын жана эстелик белектерди тапшырды. Мындан тышкары, тараптар үч жылдык кызматташтык боюнча жаңы келишимге кол коюшту.