Планда — 95 жаңы автобусту жеткирүү
Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев Кытайга жумушчу сапарында Yutong заводун зыярат кылды. Завод ар кандай коммерциялык транспорттун, анын ичинде автобустар жана электробустарды өндүрүү менен алектенет.
Баш калаанын мэриясынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, сапардын максаты Yutong компаниясынын заманбап технологияларын жана өндүрүш процессин изилдөө, ошондой эле Бишкектин транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талдоо болгон.
Сапар учурунда бизнес сүйлөшүүлөр өтүп, Бишкекке 95 автобус жеткирүүнүн мөөнөттөрү талкууланды. Жыйынга катышуучулар транспорт каражаттарынын техникалык мүнөздөмөлөрүн, жеткирүү шарттарын жана долбоорду ишке ашыруунун мүмкүн болгон мөөнөттөрүн кылдат карап чыгышты.

Мэрдин айтымында, жаңы үч эшиктүү автобустар узундугу 12 метрди түзүп, 28 жүргүнчүнү сыйдыра алат. Ичине кондиционерлер, видеокамералар, мониторлор орнотулат, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус каралган.
Натыйжада Бишкекке 95 мындай автобус жеткирилет.
