
Бишкекте «Тынчтык жөнүндө мыйзамды» ишке ашыруу аркылуу электр энергиясын 9 миллион 735 миң кВт⋅ч га чейин кескин азайтууга жетишилди, деп билдирди шаар мэри Айбек Джунушалиев.
Шаар башчысы борбор үчүн белгиленген лимит 10 миллион 45 миң кВт⋅ч экенин белгиледи. Бирок, 13-ноябрга чейин пайдалануу бул норманы ашып, 11 миллион 133 миң кВт⋅ч түзгөн.
«Биз 13-ноябрда ресторандарда жана кафелерде «Тынчтык жөнүндө мыйзамдын» аткарылышын текшерүү үчүн рейд өткөрдүк. Бул түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин электр энергиясын пайдалануу кескин азайды. Азыркы учурда бул көрсөткүч күнүнө 9 миллион 735 миң кВт⋅ч түзөт — мындай деңгээлге биз дагы жеткен эмеспиз», — деп кошумчалады мэр.
Айбек Джунушалиев жетишилген жыйынтыктарды сактоо үчүн түшүндүрүү иштерин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Жапырт иш-чаралар 19:00 дан 22:00 ге чейин өткөрүлүшү мүмкүн. Мисалы, кечээки кичи аренадагы концертте. Тамак-аш кызмат көрсөтүү жайлары иштей алышат, бирок алар электр энергиясын үнөмдөөгө аракет кылышы керек. Мен акимдерге ушул маселени түшүндүрүү иштерин өткөрүүнү тапшырдым», — деп белгиледи ал.