

Түркияга жумушчу сапар учурунда Нарын облусунун делегациясы өлкөнүн борбору Анкарада жайгашкан Низип жана Кахраманказан провинцияларынын маданий жана өнөр жай жетишкендиктери менен таанышышты.
Нарын шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, визит учурунда Нарын, Низип жана Кахраманказан муниципалитеттери арасында өнөктөштүк меморандуму кол коюлду.
Жыйындарда шаар өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтык жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.
Нарын шаарынын башчысы Жайнак Немет уулу Низип жана Кахраманказан мэрлери менен болгон жолугушууларда экономика, илим, технология, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана гуманитардык демилгелер сыяктуу тармактардагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле аларды Нарынга келип кетүүгө чакырды.