







Кыргызстанга болгон жумушчу визити учурунда Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен жолугушуп, №2 электробус депосунун иши менен таанышып чыкты. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, визиттин негизги максаты «Шаардык транспортту электрлендирүү» долбоорунун алкагында сатып алынган электробустардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана инфраструктурасын изилдөө болду.
Иш-чара учурунда Бишкек шаардык транспортунун МП директору Талант Капаров катышуучуларга долбоордун деталдарын, анын негизги компоненттерин жана азыркы учурдагы аткарылышын көрсөттү. Катышуучуларга депонун курулушунун ар кандай этаптарын, «Пилоттук жашыл коридордун» 3D анимациясын, ошондой эле электробус айдоочуларын даярдоо үчүн арналган окуу симуляциясын көрсөтүштү.
Делегациянын визити ошондой эле инфраструктура, заряддоо станциялары жана мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөр үчүн инклюзивдүү мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган электробустардын жаңы функциялары менен таанышууга кирди.