Министрликтин маалыматына ылайык, делегациянын курамына фестивалда Борбордук Азия күндөрүнүн продюсери Натали Товенди, Авиньон шаарынын эл аралык байланыштар директору Жак Моурис жана башка өкүлдөр кирди.
Жолугушууда Кыргызстан театрларынын Франциянын Авиньон шаарында өтүүчү эл аралык «Авиньон Офф» фестивалына катышуусу талкууланды.
Мамбеталиев конокторго кыргыз театрына болгон кызыгуулары, спектаклдерди көрүү жана кыргыз искусствосун дүйнөлүк аренада илгерилетүү боюнча колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди.
Француз тарап да жылуу кабыл алганы жана көргөн кызыктуу спектаклдери үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун натыйжасында тараптар төмөнкү келишимдерге келишти:
- 2026-жылы Кыргызстан «Авиньон Офф» фестивалында бир спектакль көрсөтөт;
- 2027-жылы 2–3 спектаклдин катышуусу пландалууда, ошондой эле фестивалдын алкагында «Кыргыз театры күндөрүн» уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда.