



Ош шаарында А. Суюмбаев атындагы жаңыланган стадиондун салтанаттуу ачылышы болду, деп билдирет жергиликтүү мэрия.
Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы футбол талаасы ФИФАнын стандарттарына жооп берет, ал эми жүгүрүү жолу азыркы заманбап резина менен капталган.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Стадионду жаңылоо долбоору республикалык бюджеттен каржыланган.
Иш-чаранын алкагында уулдар жана кыздар үчүн жүгүрүү боюнча спорттук мелдештер өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. ```