Жаңы токтомго ылайык, Манас шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн муниципалдык автобустардагы жүрүү баасы белгиленди.
Эгер жүргүнчүлөр төлөмдү банк картасы аркылуу безналичный жол менен төлөсө, стандарттык баадан 3 сомдук жеңилдик берилет. Мындан тышкары, шаардык мэрияга муниципалдык автобустардагы жүрүү тарифтеринин өзгөрүшү боюнча жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Муниципалдык автобустардагы жүрүү тарифтери
| 1 | Шаар ичинде | 20 сом | 17 сом |
| 2 | Ак-Тилек микрорайону | 30 сом | 27 сом |
| 3 | Т. Тайгараев атындагы башкармалыкка | 30 сом | 27 сом |
| 4 | Төш-Кутчу айылына | 25 сом | 22 сом |
| 5 | Мектеп окуучулары | 10 сом | — |
____________
Turmush буга чейин Манас шаарындагы коомдук транспортто жүрүү үчүн шаар ичиндеги тарифти 15 сомдон 20 сомго чейин жогорулатуу пландалып жатканын маалымдаган. Бул сунуш сентябрь айында муниципалдык автобаза тарабынан берилген, ал газ, күйүүчү май жана запчасти бааларынын өсүшү менен негизделип, тарифти 5 сомго жогорулатуу өтүнүчү менен чыккан.