
Маалыматка ылайык, биринчи көрүүчүлөр болуп мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алган № 30 жардамчы мектептин тарбиялануучулары болушту.



«Балдар Жаңы жылдык шыршанын айланасында Дед Мороз менен чогуу хороводдорду бийлеп, ар түрдүү оюндарга активдүү катышышты. Шоу-программанын кошумчасы катары, алар үчүн «Актан жана Акылайдын Жаңы жылдык шыктандыруулары» спектакли көрсөтүлдү. Артисттер балдар үчүн майрамдык атмосфераны түзүп, Жаңы жылдык кереметтерге үмүт берди», — деп айтылат билдирүүдө.