
«Участкаларды сатып алып, адамдарга зыян келтиришет»
Бишкекте IV Элдик курултайда жеке курулуш компанияларына чектөөлөрдү киргизүү сунушу айтылды.
Башкалаадан келген делегат Бактыбек Шамбетов бул демилгени көтөрдү.
Ал «жеке компаниялар жаңы конуштардагы тургундардан 5 сотык участкаларды сатып алып, жеке сектордогу үйлөрдү бузуп, көп кабаттуу үйлөрдү сатуучу катары курууда. Бул, албетте, бизнес, бирок мындай иш-аракет жергиликтүү тургундарга терс кесепеттерди алып келет. Ошол эле учурда жер участкаларынын назначениеси боюнча нормалар эске алынбайт, чектерин сактоо жок, зарыл паркингдер, балдар аянтчалары жана жашыл аймактар жок. Курулуш жарандардын макулдугу менен гана болушу керек», - деп баса белгиледи Шамбетов.
Сүрөт www