Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, кредиттик тарыхка төмөнкү мөөнөттөрдөн ашкан милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар киргизилбейт:
- үч жыл — терс кредиттик маалымат үчүн;
- бир жыл — 10 миң сомго чейин насыялар боюнча терс маалымат үчүн;
- беш жыл — оң кредиттик маалымат үчүн.
Ошондой эле, ликвиддештирилген кредиторлордун кредиттик маалыматтарын сактоо мөөнөтүн беш жылдан эки жылга чейин кыскартуу пландалууда.
Кошумчалай кетсек, өзгөртүүлөр учурдагы мыйзамдын 14-беренесин да камтыйт, анда кредиттик маалыматтын айрым түрлөрүн берүү мөөнөттөрү кыскартылып, кичинекей насыяларды кредиттик тарыхта эсепке алуу тартиби такталат.
Инициативанын түшүндүрмө жазуусунда анын негизги милдети финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, жарандар жана ишкерлер үчүн насыяларды алуу процессин жеңилдетүү, ошондой эле банк системасына жүктөмдү азайтуу экендиги белгиленет.
Авторлордун маалыматына ылайык, Кыргызстанда болжол менен 200 миң карыз алуучу «кредиттик кара тизмеде» турат.
Мыйзам долбоорунун иштеп чыгуучулары учурдагы эрежелер оң кредиттик маалыматты жети жылга чейин, терс кредиттик маалыматты беш жылга чейин сактоону талап кылат деп белгилешет, бул болсо карыз алуучулардын милдеттенмелерин аткаргандан кийин мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
Мыйзам долбоору мурда коомдук талкууга коюлуп, Улуттук банк жана кредиттик бюролордун сунуштарын эске алуу менен кайра иштелип чыккан. Документте анын кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт жана социалдык же экономикалык терс кесепеттерге алып келбейт деп белгиленет.