
Маалыматка караганда, жырткыч айылга түшүп, даракка чыгып кеткен. Окуя болгон жерге Чон-Кемин мамлекеттик табигый паркынын егери Ж. Чокоев жана аңчы У. Абыканов дароо келишип, жаныбарды дарактан коопсуз түшүрүүгө жардам беришкен.
Кар барысы мамлекет тарабынан коргоого алынган сейрек кездешүүчү түр болуп саналат жана анын пайда болушу Кыргызстандагы популяциянын абалын мониторинг жүргүзүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Министрликте ак илбирстин ар бир байкалган учурунун экосистеманы сактоодогу маанилүүлүгүн баса белгилешет.