Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында көптөгөн популярдуу онлайн ресурстар катышуучуларга унаа, акча жана техника сунуштап, товар же кызмат сатып алууну милдеттүү шарт катары коюп, розыгрыштарды өткөрүп жатканы белгилүү болду. Бул иш-аракет лотерея катары классификацияланат жана мамлекеттик лицензияны талап кылат, ал эми бул уюмдарда лицензия жок, деп билдирет Мамлекеттик финансылык көзөмөл.
Аныкталган мыйзамсыз лотереяларды өткөрүп жаткан аккаунттардын арасында:
- wm_home_wear;
- thebull.kg;
- tectop.kg;
- aliya_furs;
- yesfit.studio;
- stayfit.kg;
- guli_koreakg;
- asiagold.kg;
- change_fitness_bishkek;
- normpati.kg;
- spine.center.bishkek;
- itline.kg;
- venom_computers;
- wework_360;
- putevka.kg;
- aisha__jewerly;
- mfit__studio.
Мамлекеттик финансылык көзөмөл белгилегендей, көрсөтүлгөн беттер лотереялык иш-аракеттерди өткөрүүгө уруксатка ээ эмес жана алардын аракеттери мыйзамсыз розыгрыштардын белгилерин көрсөтөт.
Ошондой эле ведомство жарандарга мыйзамсыз лотереялардын белгилерин эскертет:
- лицензиянын жоктугу;
- катышуу үчүн акча которуу же товар сатып алууну милдеттүү талап кылуу;
- расмий эрежелердин жана так мөөнөттөрдүн жоктугу;
- закондуу негиздерсиз ири утуштарды убада кылуу.
Мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн адистери мындай акцияларды уюштуруучулар менен жеке маалыматтарды бөлүшпөөнү жана лотереяларды расмий реестрлерде текшерүүнү сунушташат.