
Музыкалык аспаптарды жаңылоо маселеси 80-жылдардан бери чечилген жок
Бишкектеги Малдыбаев атындагы опера жана балет театры Steinway & Sons компаниясы тарабынан чыгарылган D-274 роялына ээ болду. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.
Роял 15-декабрда сатып алынды, анын баасы министр Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, 25 миллион сомду түздү.
«Театрдагы эски роялдарды алмаштыруу маселеси 1980-жылдардан бери актуалдуу болуп калды. Дүйнөдө концерттик роялдарды чыгарган 20 чамалуу компания бар, бирок белгилүү пианисттердин 94% симфониялык оркестрлер менен чыгыштарында Steinway роялдарын колдонууга артыкчылык беришет», - деп кошумчалашты Минкульттан.
Сүрөт www