
Маданият министрлиги жаңы мыйзам долбоорун иштеп жатат
10 миңден ашык жазылуучусу бар, жарнама аркылуу киреше тапкан бардык блогерлер салык төлөөчүлөр болуп калат. Бул тууралуу журналист Эламан Карымшаков социалдык тармактарда билдирди.
Ал IV Элдик курултайдын катышуучуларынын бирине жөнөтүлгөн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин катындагы маалыматты жарыялады. Катта Маданият министрлиги бул темага байланыштуу мыйзам долбоорун иштеп жаткандыгы белгиленген. Инициативаны коомдук талкууга чыгарганда, толук маалымат берилет.
Сүрөт www