
Жарандар атайын номерге чалып, акысыз жана анонимдүү жардам ала алышат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган жана адамдарды соодалоонун курмандыгы болгон аялдарга жана кыздарга жардам берүү үчүн жаңы социалдык долбоорду жарыялады.
Министрликтен алынган маалыматка ылайык, зомбулукка жана адамдарды соодалоого кабылган жарандар үчүн 5200 номерине 24 сааттык ысык линия жеткиликтүү, ал оперативдүү жана сапаттуу жардам көрсөтөт.
Министрликтен билдиришкендей, "5200 телефону аркылуу ар бир адам акысыз, анонимдүү жана конфиденциалдуу жардам ала алат. Линияда зомбулук жана кризистик кырдаалдар боюнча атайын курстардан өткөн тажрыйбалуу психологдор жана консультанттар иштешет", - деп кошумчалашты.
Ысык линия 24 саат бою, дем алыш күндөрсүз иштейт жана Кыргызстандагы бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү.
Ысык линиянын негизги иш багыттары:
• зомбулукка жана эксплуатацияга кабылган жарандарга психологиялык колдоо көрсөтүү;
• курмандыктардын укуктарын коргоо боюнча жеткиликтүү кызматтар жана чаралар жөнүндө маалымат берүү;
• коопсуз жашыруун жай, медициналык жана юридикалык жардам боюнча консультациялар;
• зомбулук учурларынын туугандарына жана күбөлөрүнө колдоо көрсөтүү.
Министрликтен белгилешкендей: "Ар бир чалуу маанилүү. Эгер сиз зомбулукка кабылып же ушундай окуяларга күбө болсоңуз, 5200 номерине чалууну уялбаңыз".
Сүрөт www