
Сүрөт: Минводсельпромдун маалымат кызматы.
Ош базарында эми "Алтын-Така" аймагындагы "Чуйгун" павильонунда жаңы эт сатуу борбору ачылды. Минводсельпромдун маалымат кызматы жаңы жайда соода жүргүзүү активдүү башталганын билдирди.
Павильондун иши 03:00дө башталат.
Жаңы жайдын негизги артыкчылыктарынын бири — этти түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн, ортомчуларсыз сатып алуу мүмкүнчүлүгү.Маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, "Чуйгун" эт павильону бардык ветеринардык-санитардык нормаларга жооп берет. Бул жерде заманбап ветеринардык лабораториялар, эт үчүн карантиндик жайлар, муздаткыч камералар жана башка кызматтык жайлар иштейт.
Маалымат кызматы ошондой эле малдын киришинен баштап, сойуу жана эт сатууга чейин болгон бардык процесс ветеринарлардын 24 сааттык көзөмөлүндө экенин белгилеп өттү.
Мындан тышкары, павильондо жеткиликтүү бааларда эт соодалоо үчүн атайын зона түзүлгөн.