
2026-жылдын январь айында Бишкектин Ленин районунда ички иштер башкармалыгы жана профилдик кызматтар тарабынан «Балдар эмгеги» жана «Селсаяк» профилактикалык акциясынын алкагында эки рейд өткөрүлдү. Мэриянын маалымат кызматы бул тууралуу билдирди.
Бул иш-чаралардын негизги максаты - балдарды эң жаман эмгек формаларына тартуунун алдын алуу жана токтотуу, ошондой эле чоңдордун көзөмөлүнсүз калган жана кайыр сурап жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо болуп саналат.


Рейддердин натыйжасында 18 өспүрүм аныкталды:
Алардын 11и түнкү убакта мыйзамдуу өкүлдөрсүз коомдук жайларда, ал эми 7си күндүзкү убакта окуу процессинен тышкары жумушчу жайларда болушкан.
Бардык өспүрүмдөр ата-энелерине же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлдү.
Мындан тышкары, шаардагы башка райондордо жашаган алты өспүрүмгө жашаган жерине тиешелүү чараларды көрүү үчүн расмий каттар жөнөтүлдү.


Ленин районунда жашаган 12 өспүрүм жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Бул тармактагы профилактикалык иш-чаралар улантылууда.