
Бекболот Талгарбековдун уулу атасынын кармалып жатканын билдирди.
Ички иштер министрлиги эрте президенттик шайлоолорду өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондорго кармоолор жана тинтүү жүргүзүлүп жатат деген имиштерди четке какты.
Эскерте кетсек, 75 илимпоз жана саясатчыдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулуна шайлоолорду белгиленген мөөнөттөн мурда өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Мурда Бекболот Талгарбековдун уулу Арстан атасы суракка алынганы жана Бишкектин 8-микрорайонундагы батирде тинтүү жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат берген. Ал ошондой эле кайрылуунун бардык кол койгондорун милицияга чакырып жатканын белгилеген. Бул маалымат социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында активдүү талкууланды.
Сүрөт www