Ушул сунуштарга ылайык, чет өлкөдө берилген айдоочулук күбөлүктөргө ээ жарандар, транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо менен алектенген тиешелүү мамлекеттик органда аларды каттоого милдеттүү болушат.
«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, чет өлкөлүк күбөлүктөр менен өлкө аймагында транспорт каражаттарын пайдаланууга, белгиленген мөөнөттө милдеттүү каттоодон өтпөсө, тыюу салат.
Каттоо эрежелери жана мөөнөттөрү министрлер кабинетинин тарабынан аныкталат.
Мындан тышкары, укук бузуулар кодексине чет өлкөлүк күбөлүктөрдүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу боюнча 184-1-беренеси киргизилет. Бул үчүн төмөнкү айыппулдар каралган:
- жеке жактар үчүн — 3 миң сом;
- юридикалык жактар үчүн — 13 миң сом.
Мыйзам долбоорунун иштеп чыгуучулары, бул чаралар айдоочулардын каттоосун жакшыртууга жана жолдордогу коопсуздукту контролдоо деңгээлин жогорулатууга багытталганын баса белгилешет.