
Өтүш чектелген эмес
Мамлекеттин туннелдеринде кар жаап жатат, деп билдирет Транспорт жана байланыш министрлиги.
Министрлик айдоочуларга каршы тилкеге чыкпоону жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону, ошондой эле коопсуз жүрүү үчүн зарыл болгон инструменттерди өздөрү менен алып жүрүүнү сунуштайт.
Министрликтин басма сөз кызматы «жол-эксплуатациялык ишканалар жолдордун абалын 24 саат бою байкап турат. Жолдорду тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө» деп кошумчалады.
Басма сөз кызматынын сүрөтү