
Эртең көпчүлүк өлкөлөрдө орозонун биринчи күнү башталат.
Кыргызстан мусулмандарын руханий башкармалыгы Рамазан айынын биринчи күнү 19-февралга туш келерин жарыялады.
Ведомстводо социалдык тармактарда пайда болгон 18-февралда орозо башталат деген имиштерди четке какты.
«Астрономиялык эсептөөлөргө жана байкоолорго ылайык, 2026-жылдын 18-февралы хиджре боюнча Шаабан айынын акыркы күнү, ал эми Рамазан айынын биринчи күнү 19-феврал», — деп билдиришти ДУМКда. Алар ошондой эле көпчүлүк мусулмандар өлкөлөрүндө орозо эртең башталат деп белгилешти.
Сүрөт www