
Жергиликтүү тургундардын айтымында, «парк тосмо менен тосулуп, жашыл насаждалар жок кылынууда, контейнерлер орнотулууда жана курулуш техникасы иштеп жатат. Биздин шаарда ансыз да дарактар жетишпейт, эми акыркы жашыл зона жок кылынууда».
Алар борбордогу парктын зоналарынын саны жыл сайын кыскарып жатканын белгилешти. «Эгер бул жерде жаңы имараттар же аттракциондор курула баштаса, биз каршы болобуз. Биз шаардыктардын үнү угулушун жана баары үчүн коомдук мейкиндик түзүлүшүн каалайбыз», — деп кошумчалашты.
Шаардык мэриянын маалымат кызматы курулуш иштеринин Sky Park аттракциондор паркынын аймагында жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Сүрөт 24.kg. Байтик Баатыр атындагы парктын жаңы аттракцион курулуп жаткан участогу (схемада роза түсү менен белгиленген)
«Бул жерде жаңы аттракцион орнотулуп жатат, ал жашылдандыруу жана көрктөндүрүү элементтерин камтыйт. Бул жерде турак үй куруу пландалган эмес», — деп кепилдик беришти муниципалитеттин өкүлдөрү.
Эскерте кетсек, Sky Park аттракциондор паркы 2025-жылдын 1-июнунда өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда ачылган. Анын аймагында, термелүү жана карусельдерден тышкары, амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары жана концерттер менен фестивалдар үчүн ачык сахналар куруу пландалган.